понедельник, 2 марта 2015 г.

JICA Ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйналышы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында JICA Ассоциациясынын  бүтүрүүчүлөрүнүн жыл сайын өтүүчү жыйналышы  болду.


Жыйналыштын жүрүшүндө JICA Ассоциациясынын  бүтүрүүчүлөрүнүн жаңы курамынын башкармалыгы бекитилди. Кыргыз Республикасындагы JICA Ассоциациясынын  бүтүрүүчүлөрү 2009-жылдын 5-сентябрында JICA окутуу курстарынын демилгеси менен куралган. Жыл сайын өтүүчү биринчи жолугушууда 2009-2010-жылдарга карата устав, логотип, иш-аракет планы кабыл алынган, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлөрү дайындалган.
Жетекчиликке Койчуманов Талайбек Жумашевич Инвестициялык кеңеш катчылыгынын жетекчиси шайланган.   
Азыркы күндө  JICAнын курсуна 1500дөн ашык адам катышты.  
Ассоциациянын башкы максаты – Кыргызстандын социалдык-экономикалык жашоосуна жарандардын салымын кошуу. Бул семинарлар басма сөз конференцияларында өлкөдөгү стратегиялык суроолорго токтолуу жана мүмкүнчүлүккө жараша  мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга активдүү катышуу, адистерди моделдердин негизи аркылуу Японияга окууга жиберүү.   

Ошондой эле Ассоциациянын максаттарына Япония жана башка өлкөлөрдүн  арасында достук, маданият, социалдык-экономикалык карым-катнашууну күчөтүү жана активдештирүү.  

Комментариев нет:

Отправить комментарий