понедельник, 2 марта 2015 г.

Башкаруу Академиясы Мамлекеттик катчылар жана мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясы Мамлекеттик катчылар жана мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрөт.    


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги кабыл алуусу менен № 632 буйругу 2014-жылдын 31-декабрынан баштап, мамлекеттик кадр кызматы 2015-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу үчүн мамлекеттик тапшырма боюнча киришип атат. 

Мамлекеттик катчылар жана мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында өтөт.   

Курстун узактыгы эки жуманы түзүп, 2015-жылдын 24-февралында башталат. Курс окуу эки теманы камтыйт: «Каржы менеджменти» жана «Мамлекеттик программаларды башкаруу, мониторинг жана баа берүү».

«Каржы менеджменти» бөлүгү төмөнкү темаларды: мамлекеттик каржылык ресурстарды кантип башкаруу, мамлекеттик бюджет жана программаларды бюджеттетүү, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик сатып алуу. Бул темалар угуучуларга мамлекеттик организациялардын каржылык жөнүндөгү негизги иш-аракетин комплексттүү көрсөтөт, угуучуларга Кыргыз Республикасындагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана реформа сферасында болуп жаткан каржы байланыштарын жалпы түшүнүктө түзүп берет. Ошондой эле мамлекеттик каржылык ресурстарды эффективдүү колдонуунун компетенциясын үйрөтөт.       
Курсту бүтүргөндөн кийин жыйынтыктоочу тапшырмаларды ийгиликтүү тапшырса, белгиленген үлгүдөгү сертификат берилет. 



Комментариев нет:

Отправить комментарий