вторник, 3 марта 2015 г.

Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров студенттер менен жолугушуу өткөрдү


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров студенттер менен жолугушту.


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров студенттер менен болгон жолугушуусунда ЖОЖгы кезектеги жагдайларды ишке ашыруу жана Академиянын келечектеги пландары менен бөлүштү.  
А.Насыров КРПМБАдагы окуунун инновациялык методдорун жайылтып, түзүлгөн программалардын сапатын жогорулатууга дайыма түрткү берүүнү белгиледи. Бул жагдайда жемкорлуктун ар кандай көрүнүштөрүнө бөгөт коюу, КРПМБАнын курамындагы профессор-окутуучулардын ишине коюлган талаптарды жогорулатуу.    
Ошондой эле ректор далилдөөнүн жаңы методдорун жайылтууну жана студенттерди көтөрмөлөөнү белгилеп кетти.  
 «Биз Академияда окуунун жана илимдин иш-аракеттерин өстүрөбүз. Бул жылы кошумча президенттик беш стипендия бөлүнөт, аны конкурстун жыйынтыгы боюнча бөлүштүрөбүз. Мындан сырткары, окуусунда жакшы жыйынтык көрсөткөн студенттер билим алмашуу программаларына катышууга жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан окууганга мүмкүнчүлүк алат», - деп билдирди А.Насыров.
Биз илимий-пайда алуу бөлүгүн күчөтөбүз. Бул максаттарда биз Европа жана Азиянын алдыңкы ЖОЖдору менен түз байланыштарды түзөбүз. Себеби, биздин студенттер менен окутуучулар чет өлкөлүк ЖОЖдон тажрыйба топтошу керек», - деп белгиледи КРПМБАнын ректору.  
Анын сөзүндө Россия, Казакстан, Түштүк-Чыгыш Азия жана Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүк байланыштарын түзүп, сүйлөшүлгөндүгү жеткиликтүү болду.  
Андан тышкары, КРПМБАда салтка айланган чет өлкөлүк жана ата-мекенибиздеги белгилүү окумуштуулардын ачык лекциялары өтө бермекчи.
Ректор студенттерди окуу жайдын жашоосуна активдүү катышууларына чакырды жана ар кандай өндүрүштүк демилгелерди колдооруна даяр экенин ачык айтып кетти.
КРПМБАнын ректору бул ишке келгенден бери студенттер менен экинчи жолу жолугушуп жатканын белгилеп кетебиз.





Комментариев нет:

Отправить комментарий