четверг, 19 марта 2015 г.

Президент Алмазбек Атамбаев КРдагы Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн 2015-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасындагы Коргоо кеңешинин мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Мүчөлүккө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров да катталган.     


Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө биз көп нерсеге жетиштик, бирок андан дагы көп иш жасоого тийишпиз. Баардык деңгээлде коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу зарыл. Мамлекеттик органдарда коррупциялык схемаларды бузуш керек. Коррупцияга каршы күрөштө кол тийгистер жана жумшак мамиле болбоого тийиш», - дейт Алмазбек Атамбаев. 
Мамлекет башчысы иштеп чыккан сунуштамаларды мамлекеттик органдар ишке ашыруусунун маанисин баса белгилеп, жумушчу топтун мүчөлөрүнө ар бир иштин аткарылышын көзөмөлдөп, ар бир ишти акырына чейин чыгарууга чакырды.
«Сиздердин сунуштар коомго пайда алып келүүгө, анын тазаланышына өбөлгө болуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүү зарыл», - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев. 
Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууну жыйынтыктап жатып, жумушчу топко мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди жоюу боюнча так иштелген конкреттүү пландарды иштеп чыгуу боюнча жумушту улантууга милдеттендирди. 
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү антикоррупциялык чараларды өзгөчө контролго алууга жана бул ишти аткара албай жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууга тийиш экенин баса белгиледи.



Комментариев нет:

Отправить комментарий