пятница, 20 марта 2015 г.

КРПМБАнын студенттери эл аралык «Стимул» студенттик лагерине катышышат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров эл аралык студенттик өз алдынча башкаруу лидерлеринин  «Стимул» лагерине катыша турган топтун студенттери-волонтерлору менен жолукту.  


Ректор студенттерге ак жол каалоо менен бирге убакыттарын кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүлөрүн жана студенттик өз алдынча башкаруу организациясын окуп үйрөнүп, башка жогорку окуу жайлардын студенттери менен байланышта болууларын айтып өттү. 
Эл аралык студенттик өз алдынча башкаруу лагеринин программасынын алкагында логикалык оюндар, эксперттер менен жолугушуулар, студенттердин өз алдынча башкаруу органдарынын көргөзмө-ачылыштары, мастер-класстар, өз алдынча уюштуруу оюндары, ошондой эле кечки иш-чаралары камтылган.
  Иш-чара РФ Свердлов облусундагы «Искорка» балдар лагеринин аймагында өтөт.     
Делегацияда 8 киши каралган, алардын 7сү Бакалавриат Департаментинин 1-курстары жана окутуучусу Шамурзаева Айлуна Сатылгановна.
«Стимул» - бул студенттик актив мектебинде өткөрүлгөн жаңы формат. Бул иш-чаранын максаты: тажрыйба, идея алмашуу үчүн студенттер жана студенттик уюмдар арасындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттик өз алдынча башкаруу организацияларында жана жогорку окуу жайлардын администрацияларынын ортосундагы өз ара иш алып баруунун эффективдүү технологияларын калыптандырууга жардам берүү.   
Иш-чара РФнын Билим жана илим министрлигинин колдоосу алдында өткөрүлөт, Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик, ОДКБ университеттик лигасы жана Урал мамлекеттик экономикалык университетинде 2015-жылдын 20-22-мартына чейин болот.        
Студенттердин тизмеси:
Землянский Каныбек             
Бытырканова Азиза               
Асанова Баяна            
Назирова Асель                      
Мусуралиев Сабыр                
Аматов Нурбек                     

Дуйшеева Нурила                    




Комментариев нет:

Отправить комментарий