пятница, 13 марта 2015 г.

Мамлекеттик Башкаруу Академиясы Кыргызстандагы иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, учурда саясый кызматка ээ болгондорго окутуу планын иштеп чыгышты


Мамлекеттик Башкаруу Академиясы Кыргызстандагы иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, учурда саясый кызматка ээ болгондорго окутуу планын иштеп чыгышты.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууда 2015-жыл Улуттук экономиканы бекемдөө жылы деп жарыялангандыктан жана өлкөдөгү Өкмөттүн Аппаратынын тапшырмасы менен Мамлекеттик Башкаруу Академиясы Кыргызстандагы иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, учурда саясый кызматка ээ болгондорго окутуу планын иштеп чыгышты.  

Долбоордун негизги максаты – 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иш жүзүнө ашыруу алкагында жетекчилердин дараметин жогорулатуу, өлкөнүн улуттук коопсуздук концепсиясы, ошондой эле КР Президентинин жарлыгын «Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин иш жүзүнө ашыруу». 

Өзгөчө тренерлердин квалификациясына жана профессионалдуулугуна көңүл бурулат. 
Тренерлердин командасы КРПМБАнын профессор-окутуучуларынын курамындагы өкүлдөрүнөн, КР Өкмөтүнүн жана Президенттик Аппараттын жооптуу кызматкерлеринен, элге белгилүү саясый ишмерлерден, мамлекеттик мекенчил менеджер-практиктерден, чет элдик илимий ишкерлерден жана мамлекеттик муниципалдык башкаруу аймактарынын эксперттеринен түзүлдү.        

Долбоор боюнча окуу программасы райондук администрация башчыларына жана алардын орун басарларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана      жергиликтүү кеңештердин депутаттарына каралган.

Окутуунун темалары:

1.КР райондук мамлекеттик администрацияларынын ишкерлеринин уюштуруучулук-укуктук негиздери жана 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ролу;   

2. КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкерлеринин уюштуруучулук-укуктук негиздери жана 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ролу;   

3. Социалдык-экономикалык башкарууну жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү;

4. КР Бажы союзуна кирүү – Бирдиктүү экономикалык мейкиндик алкагында республиканын экономикасын өнүктүрүүгө болгон кадамы.
5. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каржы иш-аракеттеринин негиздери,  жергиликтүү деңгээлдеги эффективдүү бюджеттин процесси.

Ошондой эле КР Өкмөтүнүн жана Президенттик Аппараттын кызматкерлеринин, облустардагы КР өкмөтүндөгү ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн жетекчилигинин жана КР министрликтери менен ведомстволорунун жетекчиликтеринин окуу программалары иштелип чыкты.    

Окутуунун темалары:
1. 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын өнүктүрүү: артыкчылыктары, натыйжалуу жыйынтыктары, келечектеги кадамдары;   
2. КРнын мамлекеттик органдардын жемкорлукка каршылыгы;
3. КРнын улуттук жана экономикалык коопсуздугун камсыздоо;
4. КРнын дин сферасындагы мамлекеттик саясаты;
5. КРнын региондорун өнүктүрүү процессиндеги трансчекаралык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору. Миграция чөйрөсүндөгү калктын мамлекеттик саясаты. Чыр-чатактар жана аларды чечүү жолдору;  
6. КР Бажы союзуна кирүү – Бирдиктүү экономикалык мейкиндик алкагында республиканын экономикасын өнүктүрүүгө болгон кадамы.

Окутуу 1300дөн ашык борбордук органдардын бийликтерин, райондук жана облустук мамлекеттик администрациясын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү кеңештерди камтыйт. Программанын максаттары Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу.


Комментариев нет:

Отправить комментарий