воскресенье, 29 марта 2015 г.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана РФнын Президентине караштуу Россия эл-чарба жана мамлекеттик кызматтар Академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Владимир Шамахов Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. 


         Жолугушууда кызматташтык, шаардагы маданият жана билим берүү сферасында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.  
Бишкектин мэри маданий, экономикалык жана билим берүү тажрыйбаларын алмашуу маселелерин колдоорун билдирди. 
«Биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды илимий көз караш менен өнүктүрүүгө муктажбыз», - деп билдирди К.Кулматов.
В.Шамахов илим-билим берүү жана маданий аймактарда кызматташтык көрсөтүүгө даяр экенин айтты.  
«Биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ортомчулугу аркылуу каалаган колдоону көрсөтүүгө даярбыз», - деди А.Шамахов.







Комментариев нет:

Отправить комментарий