вторник, 10 марта 2015 г.

Кыргызстанда жалпы жарандык иденттүүлүктүн калыптанышынын негизги маселелери

 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Кыргызстанда жалпы жарандык иденттүүлүктүн калыптанышынын негизги маселелери» деген темада илимий-практикалык семинар болуп өттү. 



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын магистранты Эргешов Зайырбек өзүнүн докладын окуп чыкты. 

Доклад окуучу этностор аралык мамилелердин абалына жана өнүгүү тенденциясына тарыхый, демографиялык, миграциялык, социалдык-экономикалык, саясый жана башка процесстери менен тааныштырды.  
«Этностор аралык мамилелерди натыйжалуу башкаруу максаттары үчүн өлкөнүн региондорундагы калктын ар кандай этностук курамын эске алуу зор мааниге ээ. Муну менен бирге бир катар калктуу конуштарда этностук белгилер боюнча статистикалык маалыматтарды бурмалоого алып келген администрациялык-аймактык бөлүнүү жана калктын санын эсепке алуунун көп жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл. Баардыгы болуп, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын калкын эсептөөнүн маалыматтары боюнча өлкөдө 100 ашык этностордун өкүлдөрү жашаган. 2012-жылдын акырына карата ар кандай этностук жамааттардын өкүлдөрү калктын 27,8% ын же 1 миллион 545 миң адамды түзгөн», - деп билдирет Эргешов Зайырбек.   
Анын сөзүндө этностор аралык мамилелер жагындагы абалдын олуттуулугу мамлекеттик бийлик органдары тарабынан моюнга алынган эмес, этностор аралык мамилелердин оорлошуна алып келген экономикалык, саясый шарттарга баа берилген эмес. Алар салт боюнча социалдык чөйрөнүн бир бөлүгү катары каралган, анткени көңүл чордонунда тил маселеси, жарандардын маданий жана билим алуу керектөөлөрүн жүзөгө ашыруу маселеси турган.
 Доклад окуучу натыйжалуу тил саясатынын иштелип чыкпагандыгы, коомду баш коштуруунун, маданияттар аралык диалогду чыңдоонун, баардык этностук жамааттардын өкүлдөрү үчүн экономикалык, маданий, кесиптик жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизи болгон мамлекеттик тилдин ролу бекемделе электигин баса белгилеп кетти.

 Ошондой эле өзүнүн докладында «Кыргызстанда өткөн этностор аралык жаңжалдардын тажрыйбасын эске алып 2013-жылдын май айында мониторинг жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкаруу органдарынын системасын түзүү максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Учурда агенттик тарабынан көп улуттуу аймактарда 20дан ашуун коомдук кабылдамалар ачылды. Мониторинг жүргүзүү борбору өз ишин алып барууда жана агенттик тарабынан этностор аралык мамилелерди жөнгө салууда, жалпы жарандык иденттүүлүктү калыптандырууда алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат», - деп түшүндүрөт Зайырбек Эргешов.



Комментариев нет:

Отправить комментарий