среда, 18 марта 2015 г.

Мамлекеттик Башкаруу Академиясында Мамлекеттик органдарынын иш натыйжалуулугун баалоо аталышындагы окуу куралынын ачылышы болду


 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 18-мартында эки окуу куралынын ачылышы болду. Алар: мамлекеттик органдарынын иш натыйжалуулугун баалоо: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ыңгайлаштыруу системаларын камсыз кылуу» жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын эффективдүү иш-аракетин баалоо».   


Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев, КР Өкмөтүнүн мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери боюнча аппаратынын бөлүм башчысы Куванычбек Шадыбеков, КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров жана КР БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Прадип Шарма катышты.    

Өз сөзүндө КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ыңгайлаштыруу сферасында өз убагында чыккан окуу куралдары керек экенин баса белгиледи.
  
«Окуу куралдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга түзмө-түз катышкан мамлекеттик мекеме кызматкерлерине багытталган. Китептин чыгышы студенттер, аспиранттар жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн өтө пайдалуу», - деп билдирди А.Насыров.

КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев КРнын өнүгүшүнө атап айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системаларын жакшыртуусуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.   

 «Окуу куралдары 2009-2014-жылдардын мезгилиндеги чогулган практикалык материалдардын негизинде иштелип чыкты. Ал нормативдик укуктук базаларды жана принциптерди жазууну камтыйт, мамлекеттик органдардын туруктуу түзүлгөн системаларын баалоо маселелерине жакындоо жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын сапатын камсыз кылуу», - дейт Н. Момуналиев.

КР Өкмөтүнүн мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери боюнча аппаратынын бөлүм башчысы Куванычбек Шадыбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жарандар үчүн куруу принциптеринин натыйжалуулугун атам кетти.

 «Мисалы, биз мамлекеттик органдар жарандардан соттолбогондугу тууралуу маалым кат талап кылса, туура эмес деп эсептейбиз. Бул маалым кат жаранга эмес, ага талап кылып жаткан организацияга керек. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык органдар өздөрүнө тийиштүү органдардан сурашы керек», - деп түшүндүрдү К. Шадыбеков.

Бул окуу куралдары Момуналиев Нурханбек Сакеновичтин кыргыз тилинде жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын буйрутмасы боюнча орус тилинде Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы жалпы редакциясында чыгарылды. 

КРдагы «Ачык коом» фондулары менен биргеликте каржыланган БУУӨПтүн долбоорунун кызматташтыгы алкагында техникалык колдоосу менен чыкты.  
Ошондой эле 18-мартта Кубанычбек Шадыбековдун редакциясынан жарык көргөн Терминологиялык сөздүктөрдүн автору жана тең автору окуу китебинин 20 даанасын берди.




Комментариев нет:

Отправить комментарий