вторник, 3 марта 2015 г.

Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Франциянын атайын ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта мырза менен жолукту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Франциянын атайын ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта мырза менен жолукту.  


            Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясында бүгүн 02.03.2015-жылы Академиянын ректору Алмаз Насыров менен Франциянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта жолугушуу болуп өттү. 
Жолугушууда КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров Франциянын элчиси Стефан Каттага  Европадагы жогорку окуу жайлар менен Академиянын сырткы байланыштарын жакшыртуу тууралуу пландары менен  тааныштырды. А.Насыров Башкаруу Академиясы менен Франциянын башкаруу аймактарындагы алдыңкы ЖОЖдорунун түз байланыштарын түзүү ошондой эле маданият сферасындагы биргелешкен долбоорлордун тажрыйба алмашуусун жана эки жактын кызматташтыгын талкуулады.  
            Элчи бул демилгенин маанилүү экенин баса белгилеп, Франция башкармалыгынын L'ENA - Ecole Nationale d'Administration de France, Жогорку мектеби чындыгында мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо аймактарында Франциядагы эң алдыңкы жогорку окуу жайы менен колдоо көрсөтөт.  
          Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик башкаруу жана Франциянын башкармалыгындагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлары менен түз байланыштарды түзүү, маданияттык алмашуу, адистер менен ачык лекцияларды биргеликте өткөрүү келишим-шарт чечими кабыл алынды.   
          Жолугушууга катышкандар:
          Франциянын атайын ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта;
Француз Альянсынын Бишкек шаарындагы директору Элен Гобийар;
КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров;
ЭБУИБ жетекчиси Калчакеева Светлана;
Долбоордун менеджери Салмина Жанна.  


                


Комментариев нет:

Отправить комментарий