пятница, 20 марта 2015 г.

КРПМБАда «НООРУЗ» майрамына арналган салтанат болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында жаз майрамы, улуу Нооруз салтанатына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.


Куттуктоо сөзүндө КРнын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жалпы катышуучуларга, Академиянын жамаатына, студенттерге өсүп-өнүгүүнү, туруктуулукту жана албан ийгиликтерди каалады.
 «Урматтуу коноктор, студенттер жана бул салтанаттын жалпы катышуучулары, улуу Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биздин Академияда чоң жамаат эмгектенет, азыркы учурда Каржы техникуму менен дагы биргеликте иштешип жатабыз. Биздин студенттер келечекте мамлекеттин алдыңкы лидерлери болот деп терең ишенем. Нооруз майрамында баарыңыздарга албан ийгиликтерди, өсүп-өнүгүүнү каалап кетмекчимин», - деди А. Насыров.
Андан кийинки куттуктоо сөздөрү Испания, Франция, Россиядан келген сыйлуу конокторго берилди. Майрамдык салтанат КРПМБАнын студенттери тарабынан даярдалган 30га жакын ар кандай майрамдык номерлер менен коштолду.









Комментариев нет:

Отправить комментарий