воскресенье, 29 марта 2015 г.

КРПМБАда ТББИ РАЭЧжМКнын директору Владимир Шамаховдун ачык лекциясы болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында РФнын Президентине караштуу Россия эл-чарба жана мамлекеттик кызматтар Академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Владимир Шамахов «Евразиялык экономикалык Союздун жаңы горизонттору: Санкт-Петербургдун көз карашында» деген темада ачык лекция окуду.


Өзүнүн саламдашуу сөзүндө КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров КРПМБА менен РФнын Президентине караштуу Россия эл-чарба жана мамлекеттик кызматтар Академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшкандарын билдирди.  
«Биз негизги планды кабыл алдык, анда баардык жакты камтыган биздин бирдиктүү иш-аракетибиз, окуу процесстери, илимий эмгектердин алмашуусу, эксперттердин эмгектери жана эң негизгиси студенттик аймактагы тажрыйба алмашуу, биздин кызматташтык бул эки тараптуу өз ара мамилени бекемдөө, бириктирүү процесстердин аймагында илимий эмгектерди алга жылдыруу жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу», - деп билдирди Алмаз Насыров.      
Владимир Шамахов лекцияны Евразиялык экономикалык союздун тарыхынын түзүлүшүнөн баштады. Ал анын күчтүү жактарын жана ЕАЭСду өнүктүрүү керектигин белгиледи.
            «Бул союз өзүнүн натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн көрсөтөт, башка союздарды жана уюмдарды түзүүнүн кереги жок. Бүгүнкү лекциянын темасы: «Евразиялык экономикалык Союздун жаңы горизонттору: Санкт-Петербургдун көз карашында». Ооба, бизде олуттуу саясый борборлор жетиштүү, алар Евразиялык экономикалык союздун алкагында мониторингди өнүктүрүү кырдаалында иштеген бириктирүү процесстери», - деп баштады лекцияны В.Шамахов.
Анын ою боюнча, бириктирүү процесстерине келечекте профессионалдуу-техникалык талапты кошуу керек. 
«ЕАЭСтин алкагында бириктирүү процесстеринин келечектеги өнүгүүсүндө бирдиктүү кадрдык мейкиндиги пайда болот. Бизге компетенция жана профессионалдык талаптын деңгээлин бириктирүү зарыл», - деп билдирди В.Шамахов.   
Лекциянын аягында Владимир Шамахов угуучуларга жок дегенде жылына бир жолу КРПМБАга ачык лекциясы менен келип турганга убада берди.   
















Комментариев нет:

Отправить комментарий