вторник, 17 марта 2015 г.

КРПМБАнын студенттери Шахмат универсиадасы боюнча 3-орунду жеңип алышты


Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенттери республикалык шахмат универсиадасында 3-орунду жеңип алышты.



Шахмат оюну боюнча КРПМБАнын курама командасынын мүчөсүндө  эки студент болгон. Алар 4-курстун студенти Мелис Самаганов жана 5-курстун студенти Жакшыбек Дүйшөналиев.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду БААУ, 2-орунду ОшГЮИ жана 3-орунду КРПМБАнын студенттери жеңип алышты.
Бул таймаш 12-14-март күндөрү КГТУда болуп өттү. Буга борбордогу ЖОЖдун жана КРнын баардык облустарынын командалары катышты.



Комментариев нет:

Отправить комментарий