воскресенье, 15 марта 2015 г.

Жаштар үчүн перспективалар

Мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Жаштар үчүн перспективалар» долбоорунун экинчи фазасы старт алат.    


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Жаштар үчүн перспективалар»  долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу алкагында адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча, жаштар иштери боюнча тренингдер өтөт, тренингге Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустары боюнча мамлекеттик кызматкерлерден 25 угуучу катышат.
Экинчи фаза тренингдердин 5 модулун божомолдойт, ал 16-19-мартта КРПМБАнын № 400 жана 401 аудиторияларында саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Аталган долбоор Академия жана Германиянын коомдук эл аралык өтөктөштүгү GIZ менен болгон кызматташтыгынын алкагында иш жүзүнө ашырылат.    




Комментариев нет:

Отправить комментарий