вторник, 17 марта 2015 г.

Ригадагы окутуу үчүн модулдардын тренингин иштеп чыгуу жөнүндөгү семинар

КРПМБАдагы билим берүү сапатынын аналитиги Ригадагы окутуу үчүн модулдардын тренингин иштеп чыгуу жөнүндөгү семинарга катышат  



2015-жылдын 18-мартынан 23-мартына чейин Латвия Республикасынын Рига шаарында окутуу үчүн модулдардын тренингин иштеп чыгуу жөнүндөгү семинар Кыргызстан жана Тажикстандагы административдик системалардын процедураларын жайылтуу боюнча өтөт.
КРПМБАнын атынан семинарга Мамлекеттик кызматкерлерге кошумча билим берүү институтунун билим берүү сапатынын аналитиги Ф.К.Айтбаева катышат.
Семинардын программасында тренерлерди окутуу тренинги темалар боюнча жүргүзүлөт:
«Бойго жеткендерди окутуунун өзгөчөлүктөрү», «Лекция же семинарлар учурунда ар кандай кырдаалдарга кантип реакция кылуу», «Ачык сүйлөө», «Окутуунун стили». 
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан жана Тажикстандын адвокаттары менен экспеттери болмокчу.
Семинарды Германия коомдук эл аралык кызматташтыгы GIZ уюштурууда.










Комментариев нет:

Отправить комментарий