воскресенье, 15 марта 2015 г.

Пресс-релиз. Ачык эшик.

Мамлекеттик Башкаруу Академиясында борбордогу мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшик күнү болуп өттү



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 14-мартында борбордогу № 38,24,63,62 мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшик күнү болуп өттү.
 Өз сөзүндө КРПМБАнын Карьера борборунун директору Эльмира Турсунова мектеп бүтүрүүчүлөргө Академиядагы билим жана илим-изилдөө иш-аракеттери жөнүндө айтып берди.  
«КРПМБА – бул жогорку окутуучулук, административдик жана техникалык дарамет. Ата мекендик жетекчилер, чет элдик окутуучулар жана изилдөөчүлөр, чет өлкөдөн окууну улантууга жана тажрыйба топтоого кенен мүмкүнчүлүктөр, дүйнөлүк масштабдагы окумуштуулардын катышуусу менен эл аралык долбоорлордун алкагындагы илимий эмгектер каралат. Академияда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу профилинде иновациялык окуу программалары иш жүзүнө ашырылып, дүйнөнүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин үлгүсүнө негизделген», - деп билдирет Э.Турсунова.
Ачылыш аземине Бакалавриат департаментинин жетекчиси Е.А.Галушкина; Эл аралык бөлүмдүн жетекчиси С.М.Калчакеева; Илимдер Департаментинин жетекчиси Б.М.Торогельдиева; Тил окутуу борборунун жетекчиси Э.М.Аширбаева; Дистанциондук билим Департаментинин жетекчиси А.К.Эргешов катышты. 









Комментариев нет:

Отправить комментарий