четверг, 12 марта 2015 г.

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун: абалы жана перспективалары



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында жогорку окуу жайлар арасындагы «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун: абалы жана перспективалары» деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.   


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров өз сөзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу аймактарында илимий иштердин маанилүү экенин баса белгиледи. 

«ЖӨБ» - бул мамлекеттик башкаруунун бөлүгү, дайыма жаңы чакырыктарга кезигет. Сиздердин изилдөөңүздөр, биздин окумуштууларыбыз менен студенттерибиздин баардык жасап аткан иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана реформалоо үчүн кажет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коомдун өз ара аракеттешүүсүн иретке келтирүүнү күчөтүү керек жана мамлекеттик органдарды илимий бирге баруусун камсыз кылуу керек», - деп билдирди А.Насыров.       

Конференциянын жүрүшүндө төрт секция боюнча тогуз баяндама тааныштырылды.

№1 Секция  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери».

Баяндама «Бишкек шаарынын мэриясынын ЖТБ системасын калыптандыруу». Автор: Талантбек Шерматов, КРПМБА.
Баяндама «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдук укуктук нигилизми», автор: Каныбек уулу Дастан, КРПМБА.
№2 Секция «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана иш аракеттеринин жыйынтыгы».
Баяндама «Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарында суулардын запасын көбөйтүү», автор: Абдыкамилов Нуржигит, КРПМБА.
Баяндама «Муниципалдык каржы башкармасы», автор: Джамалбек уулу Акылбек, Академия КРИИМ.
№3 Секция «Муниципалдык кызмат (өз алдынча башкаруу кадры)».
Баяндама «Бедел жана муниципалдык кызматтын материалдык тартылуусу», автор: Данияр Озгонов, КРПМБА.
Баяндама «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы муниципалдык кызмат жана кадрдык саясат», автор: Тансулуу Анаркулова, БГУ.
№4 Секция «Коомдук өнүгүүдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу».
Баяндама «Калктын социалдык активдүүлүгун жогорулатуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу», автор: Айдар Алымбеков, КРПМБА.
Баяндама «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иш-аракеттерине жарандардын өзгөчө катышуусу», автор: Аманбай кызы Жибек, БГУ.  
Баяндама «ЖӨБ органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүү жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жаштар саясатын трансформациялоо мезгили», автор: Евгений Бадиловский, Жаштардын өнүгүү Институту.
Эске салсак, жогорку окуу жайлар жана жаш изилдөөчүлөр арасындагы «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун: абалы жана перспективалары» деген темада илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча КРПМБА студенттери 7 байгелүү орундарды ээлешкен.  Конкурска баардыгы болуп республикадагы 10 жогорку окуу жайдын 31 доклады берилген, анын ичинен 10 докладды КРПМБАсы берген.













Комментариев нет:

Отправить комментарий