четверг, 19 марта 2015 г.

Мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Жашыл технология (GREEN TECH) жана ден-соолук үчүн азык-түлүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү» деген темада ачык лекция болуп өттү


 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 19-мартында Жогорку мектеп Ломоносов атындагы  ММУнин окутуучусу Георгий Афанасьевдин «Жашыл технология (GREEN TECH) жана ден-соолук үчүн азык-түлүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү» деген темада ачык лекциясы болду. 

Окутуучу экономика менен өндүрүштүн «Тирүү системасы» жана алардын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

«Биологиялык, тирүү система адамдын жашоо-турмушуна абдан чоң азык өндүрүмү боло алат. Мисалы, Бразилия өндүрүштө кумшекер тростнигин сыгып спирт, этанол алып, ал аркылуу унаа айдашат. Бразилия нефти азыктарын өндүрбөйт жана дээрлик колдонбойт, аларда унаалар таштандыны ачытуу жолу менен алынып, микроорганизмди камсыз кылган этанол менен жүрөт», - деп билдирди Г.Афанасьев.  

Анын сөзүндө алар эмгек акыларындагы чыгашаларды талап кылбайт, алардын тирүү системаны үнөмдөөдөгү уникалдуулугу ушунда. Анын айтымында, өндүрүштөгү кирешенин 50 пайызы эмгек акыны түзөт, бул учурда тирүү системаны колдонууда эмгек акы тууралуу түшүнүк болбойт.      

Г.Афанасьев Индияны дагы мисал келтирди, газ өндүрүү биогаз орнотуу менен колдонулат.
 «Жер семиртүүдө химиялык заттарды колдонуу кажет эмес. Эффективдүү жер семиртүүдө биогаз калдыктары материал катары боло алат», - деп кошумчалады окутуучу.


«Мен кайсы жерде болбоюн, идеяны колдойм. Көчөлөрдө фисташка дарагы, өрүктөр өсүп турганы дүйнө жүзүндөгү трент», - деп аяктады Афанасьев лекциясын.



Комментариев нет:

Отправить комментарий