воскресенье, 29 марта 2015 г.

КРПМБА жана ТББИ РАЭЧжМК кызматташтык меморандумуна кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору РАЭЧжМК Владимир Шамахов кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

 А.Насыров меморандум Россия жана Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилени бекемдөөгө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.  

 «Ишенем, биздин кызматташтык өнүгөт, бекемделет жана өз ара мамиленин жаңы деңгээлине жетет. Бирдиктүү күч алууда биз илимий кызматташтыкты өнүктүрө алабыз жана өзүбүздүн окуу мекемебиздеги билим берүүнүн сапатын жогорулатабыз», - деди Алмаз Насыров.

 В.Шамахов жылуу кабыл алуусуна жана келечектеги эки тараптын мамилесинин өсүшүнө ишеним көрсөткөндүгүнө ыраазычылык айтты.

 «Биз ар дайым өзүбүздүн кесиптештер менен кызматташууга даярбыз жана өзүбүздүн билимибизди кубануу менен бөлүшөбүз. Бизде силер менен бөлүшчү жана силерден үйрөнчү нерселерибиз бар, бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык. Ишенем, биздин кызматташтыгыбыз келечектеги мамилебиздин өсүшүнө жакшы импульс берет», - деп билдирди В.Шамахов.

 Меморандум өзүнө кызматташтыктагы маселелердин кенен айланасын камтыйт. Өнөктөштүк илимий изилдөө сыяктуу сферада жүрөт, окуу жайлар арасындагы студенттер жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, биргеликте өткөрүлгөн маданий-билим берүү иш-чаралары, ачык лекциялар жана башка илимий билим берүү программалары.

 Иш-чаранын жыйынтыгында ТББИ РАЭЧжМКнын директору, экономика илиминин доктору Владимир Шамаховго КРПМБАнын «Ардактуу доктору» наамы ыйгарылды.











Комментариев нет:

Отправить комментарий