вторник, 3 марта 2015 г.

КРПМБАда Кыргызстандагы Улуттук Аялдар Форуму болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 2-март күнү «Роза Отунбаеванын демилге фонду» Эл аралык коомдук фондунун жана коомдук активисттердин, өкмөттүк эмес уюмдардын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасындагы Улуттук Аялдар Форуму болуп өттү.


Кыргызстандагы Улуттук Аялдар Форумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат айымдары, КРнын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, ЖМКлардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, активист аялдар, өлкөнүн жарандык секторун түзгөн баардык аялдар тармактарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышты. 
Аталган Форум өлкөнүн көзкарандысыздыгынын бүткүл мезгилинин ичинде аялдардын ушундай масштабдагы биринчи Улуттук Форуму экенин белгилеп кетүү керек.
 КР экс-президенти Р.О.Отунбаева башында турган Уюштуруу Комитети түзүлгөн. Тематикалык конференциялар профилдик НПОлордун тобу тарабынан даярдалган. Өкмөт жана БУУ системасындагы уюмдар, ОБСЕ, эл аралык донорлор бул Форумду өткөрүүнү колдоду.   
Иш-чара Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына, Пекинде Дүйнөлүк Аялдар Форумун өткөрүү учурунан тартып 20 жылдыкка, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын 15 жылдыгына арналган. 
Кыргызстандагы Улуттук Аялдар Форуму конференциясынын темалары:
 «Аялдардын саясый процесстерге катышуусу жана ролу».
«Коомдогу жаңы чакырыктар жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү».
«Натыйжалуу коргоо каражаттарына болгон укук».
«Сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк».
 «Аялдардын жана кыздардын ден-соолугу».
«Билимдүү аял – билимдүү мамлекет».
Конференциянын катышуучулары бир нече темаларды талкуулашты. Аялдар менен балдардын көйгөйлөрү боюнча иштеген аялдар жана башка НПОлор өлкө боюнча чачыранды, өз-өзүнчө иштейт, аялдар кыймылынын консолидациясы жок. Ал эми белгилүү болгондой аялдар потенциалы – өлкөнүн олуттуу коомдук жана кесиптик күчү. Бул эмне үчүн Кыргыз Республикасы эненин жана баланын өлүмгө учурашынын көйгөйлөрү боюнча БУУнун Миң жылдыктын максаттарына, ошондой эле гендердик теңчиликке жетпей калышынын себептеринин бири болуп калды. Албетте, бул өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирет, бизди дүйнөнүн артта калган өлкөлөрүнүн катарына түртөт. Ошондуктан Форумдун максаты аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, туруктуу өнүктүрүү жана демократиялык башкаруу үчүн Пекин+20процессинин контекстинде мамлекеттин динден тышкары болушу үчүн улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы, аялдар менен эркектердин күч-аракеттерин бириктирүү үчүн платформаны түзүү болуп саналат. Ушулардын баардыгы алдыдагы он жылда бүткүл өлкөнү жана кыргызстандыктарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө дем берет.

    




Комментариев нет:

Отправить комментарий