воскресенье, 1 марта 2015 г.

Ислам принциптери боюнча микрокаржыландыруу: Кыргыз Республикасынын перспективалары

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Ислам принциптери боюнча микрокаржыландыруу: Кыргыз Республикасынын перспективалары» деген темада илимий-практикалык семинар болуп өттү.  



КРПМБАнын 3-жылкы окуунун аспиранты Эсенбек кызы Дилбар өзүнүн докладын окуп берди.     
Доклад окуучу Кыргыз Республикасынын микрокаржыландыруу секторунун өсүүсүн талдап, айыл-чарбасын өстүрүү үчүн Түштүк-Чыгыш Азиясында ийгиликтүү колдонулган МКУнун азык-түлүк структурасы менен тааныштырды.
«Кыргыз Республикасындагы микрокаржыландыруу секторунун өсүү тарыхы эки этапка бөлүнөт. Микрокаржыландыруунун биринчи этабынын түзүлүшү дүйнөлүк практикадагыдай эле эл аралык донорлордо демилгеленген. Экинчи этаптын өсүүсү – микрокаржыландыруу секторун коммерцияландыруу, Кыргыз Республикасында микрокаржыландыруу секторунун  өсүү тенденциясы жана динамикасы ресурстарды башкаруу бизнесинде колдонулуп, 2000-жылдары көрүнүктүү жыйынтык алып келе баштаган», - деп билдирет Эсенбек кызы Дилбар.
Анын сөзүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына насыялык салымдардын банктык эмес каржы мекемелери 19.677.800.000 сом түзгөн же болбосо экономика каржы мекемелеринин (2013) кредиттик инвестициялардын жалпы суммасы 25.9 % түзгөн. Карыз алуучулардын санынын жыл сайын өсүүсү микрокаржы компаниялары үчүн суроо-талапты көрсөтөт.
Доклад окуучу микрокаржы сектору үчүн орточо стратегиянын кажеттүүлүгү тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал ислам принциптери боюнча микрокаржыландыруунун өсүүсүнүн муктаждыгын атап өттү. Мисалга: «Бай Аль Саламдын» азыктарын келтирди.
  «Бай Аль Саламдын» азыктары исламдык каржыландыруу мекеменин (IMFO) жана фермер арасында сатуу келишим-шарт болуп саналат. Келишим-шарт боюнча фермер белгилүү бир өлчөмдө өзүнүн товарын жеткирүүгө милдеттүү, IMFO жана өз кезегинде келишим-шартка кол коюу дүң баада (Salam price) товарларды сатып алуу аркылуу каржыландырууга камсыз болот.   
Бул өнүмдү пайдалануу, жүзөгө ашыруу үчүн чоң тобокелдикке баруу керек. Бирок, ал атап өткөн биринчи максаттар ИМФО – бул калктын кандайдыр бир топторунун «экономикалык жагдайды жакшыртууга эң алдыңкы өбөлгө болуп саналат», - деп түшундүрдү Эсенбек кызы Дилбар.



Комментариев нет:

Отправить комментарий