вторник, 10 марта 2015 г.

Кыргызстандагы жарандык шайкештик түзүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Кыргызстандагы жарандык шайкештик түзүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролу» деген темада илимий-практикалык семинар болуп өттү. 


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын магистранты Джумалиева Чолпон өзүнүн докладын окуп чыкты. 
Доклад окуучу алгач жарандык иденттүүлүк же шайкештик темасын изилдөө негизинен адамдарды толук таанып-билүү, жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө шарт түзүү менен жеке өзүнө жана өз ара адамдар менен болгон мамилелерине туруктуулук берээрин белгилеп кетти.
«Кыргызстандагы жарандык шайкештикти түзүүдө, мамлекеттин саясатын жана жүргүзүп жаткан идеологиясын иш жүзүнө ашырууда ММК ролу чоң. Алсак,  Советтер союзу таркагандан кийин кыргызстандыктарды бириктирип, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында бирдиктүү баалуулуктарга негизделген  жаңы идеологияны издөө мүнөздүү болгон. Жалпы улуттук мамлекеттик – жарандык шайкештикти түзүү аракеттери түрдүү идеологиялык концепцияларда камтылган жана бул багытта ММК тиешелүү иш-аракеттерди аткарган», - деп түшүндүрөт Джумалиева Чолпон.  
Анын сөзүндө Кыргызстанды стратегиялык жактан – адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздуктарын коргоону камсыз кылуу менен алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө, мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр баркы жогору, экономикасы туруктуу өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү жана көз карандысыз мамлекет.

Доклад окуучу ар бир кыргыз жараны жарандуулук түшүнүгүн аныктаган  мекен алдындагы милдеттерин аткарууга, жоопкерчилигин сезүүгө, коомдук жана экономикалык туруктуулукту сактоого, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга милдеттүү. Белгилүү болгондой,  жарандуулук бул өзү таандык болгон жарандык коом: мамлекет, үй-бүлө, диний, кесипкөй же башка чөйрө,өзүнүн укугун жана кызыкчылыгын коргоо, мекен алдындагы адамдын жоопкерчилиги. “Мен Кыргызстандын жаранымын” деген жалпы жарандык окшоштукту түзүү. Бул маселени чечпестен мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү, элибиздин биримдиги, келечеги тууралуу айтуу кыйын экендигин баса белгилейт.



Комментариев нет:

Отправить комментарий