воскресенье, 19 апреля 2015 г.

КРПМБАда «Жаштар үчүн перспективалар» программасынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болот

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында 2015-жылдын 21-апрелинде Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жаштар иштери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу программасынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болот. 

 
«Жаштар үчүн перспективалар» иш-чарасы Эл аралык кызматташтык (GIZ) – немис коомунун программасы боюнча кол коюлган келишимдин негизинде өтөт.
Квалификацияны жогорулатуу программасы беш модулдан турат. Тренингдердин окутуу программалары интерактивдик методикаларды максималдуу пайдалануу менен түзүлгөн: моделдештирүү, аткаруучу оюндар, кичи топтордогу иштер, мээнин штрому ж.б.у.с. Тренингдердин ортосундагы тыныгуу бир ай. Тренингдерди иш-жүзүнө ашыруу процессинде угуучулардын алган билимине баа берилет жана жыйынтык портфолиосу толтурулат.    
Өткөрүлүүчү күнү 2015-жылдын 21-апрели. Өткөрүлүүчү жайы: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү № 477, КРПМБАнын 3-корпусу, 2-кабат, № 208 аудитория. Башталышы: 17:00 – 19:20.    

Программаны Эл аралык кызматташтык (GIZ) Германия коому каржылайт.




Комментариев нет:

Отправить комментарий