пятница, 3 апреля 2015 г.

КРПМБА жана КРПМТУК мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү меморандумуна кол коюшту

2015-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюшту.


  КРПМБА жана КРПМТУК биргелешип иштөөнүн ушул меморандумун «Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын жана Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимаданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясы жөнүндө жарлыгынын иш жүзүнө ашыруу процессин активдештирүү жана биргелешкен аракеттерди күчөтүү максатында иштеп чыгышты.  
  Меморандум кол коюлган күндөн тартып 12 (он эки) ай күчүндө болот.
Биргелешип иштөө төмөндөгү багыттарды өзүнө камтыйт:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча Концепциясын иш жүзүнө ашырууда биргелешкен аракеттерди көрүүгө;
- көп улуттуу элдердин арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу менен бирге анын улуттарды бириктирүүчү тил катары даражасын көтөрүү;
- мамлекеттик тилди коомдук турмуштун баардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга;
- мамлекеттик тилди кесиптик билим берүүдө жана иш кагаздарын жүргүзүү системасында тереңдетүү жана кеңейтүү;

- окутуу китептерди иштеп чыгарууда алардын ченемдик-усулдук негиздерин түзүү; 




Комментариев нет:

Отправить комментарий