пятница, 17 апреля 2015 г.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөбүз



2015-жылдын 15-апрелинде саат 11.50 дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  мамлекеттик башкаруу академиясында  “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөбүз” деген темадагы 1-курстардын ортосунда интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Уюштуруучу ТҮБдүн д.м.а. Г.Б Урусова.

Таймаштын сценарийи:
1.     Саламдашуу – топтор өздөрүнүн аттарын жана эмблемаларын чечмелешет.
2.     “Канткенде иш кагаздарын толук түрдө мамлекеттик тилде жүргүзөбүз?” деген темада долбоор түзүү.
3.     Иш кагаздарынын үлгүлөрүн оңдоп түзүү.
4.     Сөздөрдү жана сөз айкаштарын орус тилинен кыргыз тилине которуу

Таймаш кызыктуу жана ийгиликтүү өткөрүлдү. “Мурас” жана “Кеменгер” топтору жарышып, Мурас тобу жеңишке ээ болду.



Комментариев нет:

Отправить комментарий