четверг, 2 апреля 2015 г.

КРПМБАнын ректору Каржы-экономикалык техникумдун жамааты менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Каржы-экономикалык техникумунун мугалимдери жана жамааты менен жолукту. 

         Ректор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында келечекте окутуучуларды тандоо конкурстун негизинде жүрөөрүн айтты.
  «Учурда иштеп жаткан окутуучулар мындан ары да иштей бермекчи, бирок, кийинки окутуучулар конкурстун негизинде тандалат. Ошондой эле баардык окутуучулар аттестациядан сөзсүз өтүшү керек», - деп билдирди А. Насыров.
Мындан сырткары, корпоративдик этика, студенттерге кошумча билим берүү жана КЭТ бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыздоо маселелери талкууланды.    
Каржы-экономикалык техникумунун жамааты КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровдун сунушун колдоого алышты.
Эскерте кетсек, Каржы-экономикалык техникуму Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын карамагында биргеликте иш жүргүзүүдө.






Комментариев нет:

Отправить комментарий