пятница, 24 апреля 2015 г.

КРПМБАда «ЕАЭБтин каржы-экономикалык системасын гармонизациялоо, орто аралык жыйынтыктар жана коркунучтар» деген темада ачык лекция болуп өттү

Мамлекеттик башкаруу академиясында Россия академиясынын табият илимдеринин академиги, тарых илимдеринин доценти, экономика илимдеринин кандидаты Москва өкмөтүнүн алдындагы Москва шаардык башкаруу университетинин профессору Алексеев Владимир Николаевичтин «Евразия экономикалык биримдиктин каржы-экономикалык системасын гармонизациялоо, орто аралык жыйынтыктар жана коркунучтар» деген темада ачык лекция болуп өттү.   


Лекция учурунда Владимир Алексеев Евразия экономикалык биримдик шартында банк системасынын иштеши, бирдиктүү валюта киргизүү боюнча, инвестициялык иш жүргүзүү туурасында, микро-финансыны гармонизациялоо жана евразия экономикалык бирдик шартында камсыздандыруу туурасында кеңири маалымат берди.
«Бирдиктүү валюта киргизүү Евросоюз принциптери менен карыз милдеттеринин коркунучтарын алда канча азайтат. Бирок, өзүндө башка коркунучтарды алып жүрөт. Бул маселе боюнча тыгыз иликтөө зарыл. Балким, Евразия экономикалык бирикмесинде бирдиктүү валюта кирип калса, ал менен катар Евро биримдиктеги евро сыяктуу улуттук валюта калышы мүмкүн. Бирок, бирдиктүү валюта киргизүүдө өзүнүн коркунучтары бар» деди В.Алексеев.
Банк системасы тууралуу сөзүндө ал ислам принциптери боюнча каржылоодо өзүнүн жакшы жактарын айттып өттү.  
«Учурда банк системасы, берген каржыдан процент табат. Ал эми ислам принциптери менен каржылоо берилген акчага процент кошпостон каржыланган долбоордун өнүгүшүнөн пайда табат, инвестор долбоордон түшкөн үлүштүн катышуучусу болот. Ошондуктан инвестор долбоордун иштешине, өркүндөшүнө кызыктар», - деди Алексеев.
Эске салсак, КРПМБАда Россия окумуштууларынын илимий-практикалык семинарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери үчүн өтүп жатат.

Иш-чара Евразиялык банк тарабынан каржыланууда. 






Комментариев нет:

Отправить комментарий