понедельник, 20 апреля 2015 г.

Россиялык окумуштуулар КРПМБАга илимий-практикалык семинарлардын цикли менен келишет

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясына 2015-жылдын 21нен 27-апрелине чейин илимий-практикалык семинарлар цикли менен россиялык окумуштуулар келишет: Алексеев Владимир Николаевич – академик РАЕН, Москва Өкмөтүнүн Башкаруусундагы Москва шаардык университетинин профессору, Талалаев Анатолий Анатальевич – академик РАЕН, профессор, Корпоративдик энергетикалык университеттин адам капиталын башкаруу кафедрасынын башчысы.

Бул сапар Евразиялык Өнүгүү Банкынын (ЕАБР) аймактык изилдөө интеграция программасы боюнча техникалык фонддун жардамы менен «Экономика жана башкаруу алкагында коомчулукка илимий-практикалык семинарларды өткөрүү жолу менен кыргыз-орус ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү» долбоорунун негизинде өткөрүлөт. Долбоордун максаты – мамлекеттик башкаруудагы жана экономикалык өсүү тармагындагы маселелерди билүү, андан сырткары, өлкөнүн экономикалык өсүүсүндөгү маселелер боюнча эркин талкуу аянтчасын өстүрүү.
Аталган сапардын алкагында ачык лекциялар төмөндөгүдөй темаларда өткөрүлөт: «Базар экономикасынын контексттинде ЕАЭС мыйзам чыгаруунун шайкештиги». Лекцияны В.Н.Алексеев окуйт. Убактысы: 09:50 – 11:30, 23-апрель. КРПМБАнын 3-корпусу, №208 конференц-залы.  
«ЕАЭС бирдей билим берүү мейкиндигин түзүү: «Бир программада эки диплом (РФ жана КР)» долбоорундагы Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү». Лекцияны В.Н.Алексеев окуйт. Убактысы: 09:50 – 11:50, 24-апрель. КРПМБАнын 3-корпусунун  №208 конференц-залында болот.  
Ачык лекция «Интеграциялык процесстердин шартында жандуу системанын позициясындагы уюмдар жана адам капиталынын менеджменти». Лекцияны А.А. Талалаев окуйт. Убактысы: 11:50 – 13:50, 24-апрель. КРПМБАнын 3-корпусунун №208 конференц-залында өтөт.  
Кирүү эркин, катталууну каалагандар үчүн: 92-26-22 телефон номери кызматта.
Долбоорду Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылайт.




Комментариев нет:

Отправить комментарий