четверг, 9 апреля 2015 г.

КРПМБА «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору боюнча меморандумга кол койду

2015-жылдын 9-апрелинде «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясы, КР Жогорку сотунун алдындагы Сотторду окутуу борбору, КР Башкы прокуратурасынын профессионал прокурор кызматкерлерди даярдоо борбору жана адвокаттарды окутуу борбору кол койду. Аталган долбоорду Европалык Союз каржылайт.   
    Меморандум билим берүү тармагындагы иш-чаралар менен демилгелерди камтыйт, соттордун, прокурорлордун, мамлекеттик кызматкерлердин, адвокаттардын дараметин жогорулатуу багытын жана жалпы процесстеги окутууну официалдуу бекитет.
Кызматташтык окутуу тармагын, ар кыл облустарда тренингдерди өткөрүүнү укуктан административдик укукка жана этиканы жакшыртуу үчүн сот иштерин аткаруу, профессионал укук коргоо кызматкерлерин жана сот системасын иш жүзүнө ашыруу.        
Бул меморандум катышып жаткан уюмдардын окутуу процессин камсыз кылган курал катары эмес, келечектеги туруктуу кызматташтыктын эффективдүү жыйынтыгына кепилдик берүүгө тийиш.    

Долбоор GIZ баштаган консорциум аркылуу ишке ашат жана Европалык Союз каржылайт.








Комментариев нет:

Отправить комментарий