вторник, 7 апреля 2015 г.

КРПМБАда 7-апрель элдик-революциясына карата тегерек стол уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын Карьера борбору 7-апрель күнү  «Мамлекетти өнүктүрүүдө жаштардын салымы» деген темада тегерек стол уюштурду.  

Аталган темадагы тегерек столго КР Борбордук архивинин кызматкери, тарых илиминин кандидаты Байдильдеев Жумагул, КЭУнун социалдык жана гуманитардык илим кафедрасынын доценти, саясат таануучу Акеров Табалды, КРПМБАнын Карьера борборунун директору Эльмира Турсунова, Тил окутуу борборунун директору Калипа Омуралиева жана КРПМБАнын 1-2-курсунун студенттери катышты.
            Жумагул Байдильдеев кыргыз элинин тарыхына токтолуп, 1916-жылкы үркүндөн тартып, 2005-жылдын 24-мартында болуп өткөң төңкөрүш, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик-революция тууралуу жалпы түшүнүк берди.   
«Өткөн тарыхтан таалим алып, келечегибизге кадам ташташыбыз керек. Кыргыздын башынан эмне деген гана кыйынчылыктар өткөн жок. Тарыхын тартып алуу менен улутту жок кылса болот, - деп окумуштуулар айткан. Ошондуктан кылымдардан бери жоголбой сакталып келе жаткан мамлекетибиздин тарыхын билип гана тим болбостон, сактап, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек», - деди Жумагул Байдильдеев. 
2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо эл менен аралашып, ошол күнкү окуяны өз көзү менен көргөн Табалды Акеров студенттерге 7-апрель элдик-революциясынын чыгуу себептери жана анын мааниси тууралуу айтып берди.
«Бакиевдердин үй-бүлөлүк кланы элге берген убадаларын аткарбастан, конституцияга дал келбеген институттарды түзө башташкан. Стратегиялык обьектилерди арзан баада сатууга өтүшкөн, жылуулук жана уюлдук байланыштарынын тарифтерин кымбаттатышкан, ошондуктан жаштар дагы бакиевдердин бийлигин каалаган эмес. Жыйынтыгында бийликке каршы чоң толкун 6-апрелде жер-жерлерде башталып, 7-апрелде бакиевдердин бийлиги кулаган», - деген маалыматын берди Т.Акеров.
            Мындан сырткары, тегерек столго катышкан студенттер өздөрү даярдаган докладдарын окуп, ар кандай суроолорго жооп алышып, жыйынтыгында мыкты даярдалган доклад ээлери грамота менен сыйланышты.  
  





Комментариев нет:

Отправить комментарий