понедельник, 6 апреля 2015 г.

7-апрель Элдик революция күнүнө карата КРПМБАнын студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси менен таанышып келишти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын Карьера борбору 4-апрель күнү 1-курстун 100 студентин «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси менен тааныштырып келди. Бул демилгенин максаты - 7-апрель Элдик революция күнүнө карата студенттерди аталган мемориалдык комплекс менен тааныштыруу, болуп өткөн революциянын тарыхы, мааниси тууралуу маалымат берүү жана Кыргызстандын келечеги үчүн курман болгон баатырларды эскерүү болду.  

«Ата-Бейитке» болгон сапарды Тил окутуу борборунун директору Калипа Омуралиева, Карьера борборунун директору Эльмира Турсунова ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо институтунун директорунун орун басары Артемий Гончарук баштап барды.
 «Урматтуу, студенттер! Силер бүгүн Кыргызстандын тарыхы үчүн эң маанилүү болуп саналган Чоң-Таш айылындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекске келдиңер. Совет диктатору Иосиф Сталиндин бийлигинин убагында Кыргызстанда жыйырма минден ашык адам репрессияга туш болгон. Анын ичинен 137 адамдын сөөгү ушул  «Ата-Бейитке» коюлган. Мунун да өзүнүн тарыхы бар. 1938-жылы Кыргызстандын каймактары аталган адамдардын сөөгү 53 жылдан кийин гана 1991-жылы Бүбүра Кыдыралиева аттуу Бишкектин карапайым тургуну (учурда бул эне тирүү, 88 жашка келди) аркылуу табылганы айтылып жүрөт. 137 адамдын сөөгү кыш заводунун алдында көмүлгөн. 1973-жылы анын атасы катуу ооруп, көз жумаарынын алдында «жакшы заман келсе, дөбөдө жаткан кыргыздын каймактарынын сөөгү тууралуу сөзсүз айт», - деген керээзин калтырган экен. 1991-жылы Бүбүра Кыдыралиева КГБда иштеген Болот Абдрахманов менен таанышып, ошол кишиге баардыгын айтып бергенден кийин гана дайынсыз кеткендердин сөөгү табылат», - деген маалыматтарды Калипа Омуралиева студенттерге айтып берди.
Андан сырткары, «Ата-Бейитке» барган студенттер 7-апрель Элдик революциясы тууралуу кенен маалымат алышты жана шейит кеткен адамдардын сөөгү жайгашкан жер менен таанышышты.
 «2010-жылдын 17-марттында оппозиция лидерлери 6-7 миң адамдын катышуусунда элдик курултай өткөрүшкөн. Эл алдында оппозиционерлер бийлик башында тургандарга элдин жашоосун жакшыртуу, кымбатчылыкты жоюуга байланышкан саясый-экономикалык талаптарды коюп, аны он күндүн ичинде чечип беришин күтүшкөн. Аткарылбаган талаптын негизинде оппозиция лидерлери жер-жерлерде, район, облустарда президенттин кетишин талап кылган элдик курултайларды өткөрүп, элди көтөрүшкөн. Ансыз да бийликтин запкысын тартып жаткан эл оппозиционерлерди колдоп, митингге чыгышкан. Алгач митингге Алай району менен Нарын облусу активдүү катышып, андан соң Кыргызстандын баардык аймактары кошулуп, жыйынтыгында бүтүндөй кыргыз көтөрүлүп, Курманбек Бакиев тактан кулаган. Бирок, эл оңой-олтоң бийликти колго алган жок. Жүздөгөн кыргыздын эр-азаматтары окко учту, канчалаган адамдар жаракат алышты. Балдар жетим калды, аялдар жесир калды. Ошондуктан силер, жаштар Кыргызстандын келечегисиңер. Өз тарыхыңарды билишиңер керек. Силер өткөн каргашалуу окуялардан сабак алып, келечекте өз өлкөңөргө пайда келтирип, ак иштеп, мамлекетти акыйкаттуу, татыктуу башкарышыңар керек», - деди Калипа Омуралиева.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплекс менен таанышкан студенттер музейдин ичинде жайгашкан экспанаттарды көрүп, маркум болгон жалпы арбактарга куран багыштап, алардын эстеликтерине гүл коюшту.









  


Комментариев нет:

Отправить комментарий