пятница, 10 апреля 2015 г.

КРПМБАда «Россиянын азыркы учурдагы экономикалык жагдайы. Евразиялык интеграциянын перспективалары» деген темада лекция өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Россия Федерациясынын тышкы соода экономикалык өнүктүрүү министрлигинин Бүткүл Россиялык Академиясынын проректору Павел Кадочников «Россиянын азыркы учурдагы экономикалык жагдайы. Евразиялык интеграциянын перспективалары» деген темада лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө П.Кадочников Россиянын учурдагы экономикалык жагдайга, интеграциялык процесстерге көрүлгөн чаралар, совет өлкөсүнүн интеграциясы жана интеграциялык процесстеги дүйнөлүк тренддер тууралуу айтып берди.
Лекция окуучу аны менен бирге ЕО жана Россия Федерациясынын өз ара экономикалык санкциялары, 2015-жылдагы кризистин өзгөчөлүктөрү, кризиске каршы чаралар, евразиялык экономикалык союз өлкөлөрүнүн тышкы жана өз ара соода, интеграциянын өзгөчөлүктөрү жана түрлөрү тууралуу айтты.

Лекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнес жана инвестиция өнүктүрүү боюнча Кеңеш катчылыгынын чакыруусу менен бизнес-коомчулугу жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн өткөрүлдү. 






Комментариев нет:

Отправить комментарий