среда, 22 апреля 2015 г.

КРПМБАда Сатыбалды Нааматовдун 110 жылдыгына карата «Тарыхта өчпөс из калтырган инсан» деген темада тегерек стол уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Илимдер департаменти 2015-жылдын 22-апрелинде Кыргыздын чыгаан уулу, окумуштуу-педагогу, агартуучу – Сатыбалды Нааматовдун 110 жылдык мааракесин өткөрүү максатындагы  «Тарыхта өчпөс из калтырган инсан» деген темада тегерек стол уюштурушту.  


Тегерек столду Тилдерди үйрөтүү борборунун директору Калипа  Омуралиева ачып берди. Ал кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар тууралуу сөз сүйлөп, алардын эмгегин унутпашыбыз керектигин жана тарыхыбызды биле жүрүүбүз зарыл экенин билдирди.
«Биз өткөн тарыхыбызды түптөгөн улуу инсандарыбызды билишибиз керек. Өзгөчө жаштарга булар тууралуу айтып, ушул сыяктуу тегерек стол, жолугушууларды уюштуруп, тарыхка из калтырган адамдардын өмүр баян, басып өткөн жолу тууралуу маалымат беришибиз тийиш. Жакында Академиянын ичине белгилүү инсандардын стенттерин илген жатабыз», - деди К.Омуралиева.
Кийинки сөз агартуучу Сатыбалды Нааматовдун небереси, «Эднет» агенттигинин директорунун орун басары Оңолкан Уманкуловага берилди. Ал чоң таятасынын чыгармачылык эмгектери, үй-бүлөсү жана кыргыз эли үчүн жасаган агартуучулук иштери тууралуу айтып берди.
«КРПМБАда менин чоң таятам жөнүндө иш-чара өтүп жатканына кубанычтамын. Чоң энем Үмүт – Сатыбалды Нааматовдун жалгыз кызы болот. Чоң энемдин, өз атамдын айтуусунда, чоң таятам окуганды жакшы көргөн, дилгир адам болгон экен. Билим алууга кыйын болуп турган мезгилде дагы сабатсыздыкты жоюуга болгон күч-аракетин жумшаган. Ал казак-кыргыз эл агартуу институтун методолог-педагог адистиги боюнча бүтүрүп келген. Жети жыл - аз убакыт иштесе дагы, көп эмгек кылган инсан болгон. Биз таятабыздын басып өткөн жолун кыргыз элинин тарыхы менен чагылдырабыз», - деди Оңолкан Уманкулова.
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты Байдилдеев Жумагул репрессия убагында курман болгон кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон инсандар тууралуу айтып берди.
«Кыргыз мамлекеттүүлүгүн репрессия учурунда курман болгон кыргыз элинин каймактары түптөгөн. Биз алар тууралуу дайым эскерип туруу үчүн 8-ноябрды атайын эскерүү күнү кылганбыз. Бул инсандарды эскерип гана тим болбостон, репрессия каармандары тууралуу атайын мектеп программасын киргизип, сабактарды өтсөк, окуучулар мектеп жашында эле улуу инсандарды биле жүрүшмөк», - деген оюн айтты.
Тегерек столдун жыйынтыгында Тилдерди үйрөтүү борборунун улуу окутуучусу Нуриля Осмонова С.Нааматовдун өмүр жолу тууралуу даярдалган студенттердин докладдарына кезек берди.
















Комментариев нет:

Отправить комментарий