вторник, 7 апреля 2015 г.

КРПМБА жана Ханнс Зайдель фонду 2015-2017-жылдарга кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Ханнс Зайдель фондунун төрайымы Урсула Маннле 2017-жылга чейинки кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.   

КРПМБАнын ректору меморандумга кол коюунун мааниси өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маданий байланышты бекемдөө экенин белгилеп кетти. Бул макулдашуу ишенимди жана биздин мекеме менен туруктуу кызматташууну көрсөтөөрүн айтты.   
Ханнс Зайдель фондунун төрайымы Урсула Маннле КРПМБА Кыргыз Республикасындагы башкы өнөктөш экенин белгиледи. 
 «Мамлекеттик Башкаруу Академиясы Кыргыз Республикасындагы биздин башкы өнөктөшүбүз. Биздин кызматташтык көп убакытка чейин жана эффективдүү болооруна ишенебиз. Бул гана эмес, узак мөөнөттүк магистрдик программалар менен КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыска мөөнөттө квалификациясын жогорулатуу курстары болуп табылат», - деди У.Маннле.
Кол коюунун жыйынтыгында МРА магистрдик программа боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бюджеттик санга орун көбөйтүү, окуу куралдарын кыргыз жана орус тилдеринде чыгаруу боюнча жардамды көбөйтүү, окуу процесси үчүн жабдыктарды сатып алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу сапарлары, Бавария бүтүрүүчүлөрү менен биргелешкен программаларды КРПМБА жана Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен өз алдынча башкаруу органдарын кеңейтүү.  







Комментариев нет:

Отправить комментарий