понедельник, 27 апреля 2015 г.

КРПМБАда вакансия жарманкеси болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында жыл сайын өтүүчү «Карьера күнү – 2015» вакансия жарманкеси КРПМБАнын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери үчүн уюштурулду. 
    
 Карьера күнү – иш тажрыйбасы жок бүтүрүүчүлөр үчүн вакансия жарманкеси. Вакансия жарманкесинде студенттер иш берүүчүлөрдү издешпейт, иш берүүчүлөр өздөрү студенттерге келип, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жана бизнес-түзүлүшүндө ишке кандай орношуу тууралуу айтып беришет.
Карьера күнүнүн ачылыш аземинде Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо институтунун директору Э.Турдумамбетова жана Карьера борборунун директору Э.Турсунова сөз сүйлөштү.
Ошондой эле студенттер менен КР Экономика министрлигинин өкүлдөрү, КР Жаштар жана эмгек миграция министрлигинин өкүлдөрү, ОсОО «Газпром-нефть Азиянын» өкүлдөрү ж.б. жолугушту.     
Иш-чарага КРПМБАнын 400дөн ашык студенттери менен бүтүрүүчүлөрү катышты. Ал эми жумуш берүүчүлөрдөн 22 өкүл болду.
Карьера күнүнө катышкан меймандар: КР Жаштар жана эмгек миграция министрлиги; КР Транспорт жана коммуникация министрлиги; КР Экономика министрлиги; КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; КР Айыл-чарба жана суу чарба министрлиги; КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлк башкаруу боюнча фонду; КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик байланыш агенттиги; «Газпром-нефть Азия»; ЗАО «Шоро»; ООО «Sky Mobile» (Билайн); ЗАО «Кока-Кола Бишкек Боттлерс»; «Kyrgyz Concept» ж.б.








     

Комментариев нет:

Отправить комментарий