среда, 8 апреля 2015 г.

КРПМБАда Германия Бундестагынын вице-спикеринин ачык лекциясы болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясына Германия Бундестагынын вице-спикери Йоханнес Зингхаммер жана Ханнс Зайдел фондунун төрайымы Урсула Маннле «Парламенттик демократиядагы саясый партиялардын ролу» деген темада ачык лекция окушту.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров ич-чараны ачып берүү сөзүндө Кыргыз Республикасында парламенттик демократиянын калыптанышы үчүн жана өлкөнү өнүктүрүүдө ачык лекциялар маанилүү экенин билдирди.
 «Бул лекциялардын мааниси, парламенттик демократиядагы саясый партиялардын ролу талашсыз экенин далилдөө. Бул тема биздин өлкө үчүн актуалдуу. Анткени, биз парламентаризмдин жолуна түштүк. Азырынча бизде тажрыйба азыраак, партиялык башкаруу жаңы саясый талаптарга жооп берген иш-чара жанданып жатат. Ошондуктан Еврасоюз өлкөлөрүндөгү алдыңкы жана парламентаризмде тарыхый чоң тажрыйбага ээ болгон Германиянын тажрыйбасы биз үчүн абдан баалуу. Германия азыркы учурда биздин өлкө башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды эбак эле басып өткөн. Атап айтканда, саясый партиялардын эволюциясын», - деди А. Насыров.
Эл аралык иштер боюнча Жогорку Кеңеш Комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев өз сөзүндө Германиянын экономикалык жана социалдык өсүүсүндөгү парламентаризмдин чоң салымын белгиледи.
Саламдашуу учурунда Германия Бундестагынын вице-спикери Йоханнес Зингхаммер жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, жакынкы арада Эл аралык иштер боюнча Жогорку Кеңеш Комитети Германия Бундестагына бараарын кабарлады.
  «Бул эки эл ортосундагы мамиленин өсүшүнө жана бекемделишине жардамын берет деп ойлойм», - деп белгиледи лекция окуучу. 
Лекциянын жүрүшүндө Йоханнес Зингхаммер төмөнкү темаларды: партияны каржылоо, кичи жана чоң партияларды бириктирүүнүн факторлору, партияларды шайлоонун системасы ж.б. козгоду.
 «Германияда партиянын негизги функцияцы жана мааниси бар. Партия – бул  саясый эрк. Партиянын функциясын эл көрсөтөт. Парламенттик шайлоо партия аркылуу өтөт. Партия – бул саясый билимдин ажырагыс бөлүгү. Көптөгөн партияларда негизги ролду аткарып, кичи партияларды бириктирип турган жаштар канаты бар», - деп билдирди Йоханнес Зингхаммер.
«Мен Кыргыз Республикасы парламентаризмди ийгиликтүү ишке ашырып алышын каалайм», - деп лекциясын аяктады Бундестагдын вице-спикери. 
Лекциянын экинчи бөлүгүн Ханнс Зайдель фондунун төрайымы, Германиянын мамлекеттик экс-министри Урсула Маннле улантып, ал партияларга билим берүү тууралуу, кичи партияларды бириктирүү факторлору жана коалицияларды калыптандыруу механизмдери тууралуу айтып берди.
«Парламенттин бөлүнүшүн сактап калуу үчүн механизмдерди түзүү зарыл, кичи партияларды бириктирүү жана парламенттик коалициянын туруктуулугу. Өлкөнүн келечеги азыр ушул жерде болуп жаткан нерселер менен байланыштуу», - деп аяктады өз сөзүн Урсула Маннле.
Ачык лекциянын соңунда КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров Германия Бундестагынын вице-спикери Йоханнес Зингхаммерге Кыргыз Республикасынын көчмөн элдеринин салттары жөнүндөгү китепти белекке берди.











Комментариев нет:

Отправить комментарий