четверг, 30 апреля 2015 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясы 2015-2016-окуу жылына профессор-окутуучулардын курамын толуктоо үчүн ваканттык кызматка ачык сынак жарыялайт.



 окутуучуларга;
-         улуу окутуучуларга;
-         доценттерге;
-         профессорлорго;
-         биргелешип иштөө боюнча мугалимдерге.


Талапкерлерге тиешелүү талаптарды төмөнкү интернет баракчасынан  http://agupkr.blogspot.com/, тапсаңыздар болот. Же болбосо, Адам ресурстарынын өнүгүүсү жана иш кагаздардын бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. 0(312)664511, 0(312)622296.

Сынакка катышуу үчүн керектелген документтер:
-         резюме;
-         кадрдык эсеби боюнча толтурулган жеке баракча;
-         2 сүрөт 3 х 4;
-         мүнөздөмө – мурунку иштеген жеринен сунуш;
-         санитардык китепче;
-         жарыяланган илимий эмгектердин жана методикалык-окуу куралдарынын тизмеси;
-         билими тууралуу документтердин көчүрмөсү, илимий наамдары жана жогорулоосу, негизги жумуш оруну боюнча нотариалдык күбөлөндүрмөсү же кадрлар бөлүмү тарабынан;
-         эмгек китепчесинин көчүрмөсү же негизги жумуш оруну боюнча нотариалдык күбөлөндүрмөсү же кадрлар бөлүмү тарабынан;
-         квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттын көчүрмөсү.

Документтерди тапшыруу 2015-жылдын 1-июнунда 17:00го чейин жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү № 237, (1-корпус КРПМБА) № 107 кабинет.
Сурап билүү телефонжору:  0(312)664511, 0(312)622296.


КРПМБАнын 2015-2016-окуу жылына профессор-окутуучулардын ваканттык кызмат орундарын толуктоо үчүн талапкерлердин квалификациялык талабы.

            Бул квалификациялык талап Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессор-окутуучу кызмат курамынын ордун толуктоо жөнүндөгү жобосуна (КР Өкмөтүнүн токтому № 346 2012-жылдын 29-майы) ылайык иштелип чыкты.

1.     Окутуучулардын кандидаттык ваканцияларына квалификациялык талаптар:
-         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
-         Кандидат илиминин даражасы же жогорку билимди бүткөндүгү (магистрлик диплом же адистиги);
-         Илимий-педагогикалык иш-тажрыйбасы жогорку окуу жайында 1 жылдан кем болбошу керек;
-         Окутуучулук иш-тажрыйбасы төмөнкү багыттарда:
административдик жана башкаруучулук дисциплина; математикалык жана экологиялык дисциплина; экономикалык жана каржылык дисциплина; эсептик дисциплина; саясый жана социалдык дисциплина; методологиялык дисциплина;
-         мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

2.     Доценттердин кандидаттык ваканцияларына квалификациялык талаптар:
-         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
-         Кандидат илиминин даражасы же доценттик наамы;
-         Илимий-педагогикалык иш-тажрыйбасы жогорку окуу жайында 5 жылдан кем болбошу керек;
-         Окутуучулук иш-тажрыйбасы төмөнкү багыттарда:
административдик жана башкаруучулук дисциплина; математикалык жана экологиялык дисциплина; экономикалык жана каржылык дисциплина; эсептик дисциплина; саясый жана социалдык дисциплина; методологиялык дисциплина;
-         мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

1.     Профессорлордун кандидаттык ваканцияларына квалификациялык талаптар:
-         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
-         Доктордук илиминин даражасы же профессорлук наамы;
-         Илимий-педагогикалык иш-тажрыйбасы жогорку окуу жайында 10 жылдан кем болбошу керек;
-         Окутуучулук иш-тажрыйбасы төмөнкү багыттарда:
административдик жана башкаруучулук дисциплина; математикалык жана экологиялык дисциплина; экономикалык жана каржылык дисциплина; эсептик дисциплина; саясый жана социалдык дисциплина; методологиялык дисциплина;
-         мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;


2.     Биргелешип иштөөчү мугалимдердин кандидаттык ваканцияларына квалификациялык талаптар:
-         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
-         Кандидат илиминин даражасы же жогорку билимди бүткөндүгү (магистрлик диплом же адистиги);
-         мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;
-         иш-тажрыйбасы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес болушу керек.
 

Комментариев нет:

Отправить комментарий