среда, 22 апреля 2015 г.

КРПМБАда россиялык окумуштуулар КРнын мамлекеттик кызматкерлери үчүн илимий-практикалык семинар өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында россиялык окумуштуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери үчүн «Азыркы замандагы уюмдардын адам капиталынын сапатын божомолдоо жана компьютердик баа берүү» деген темада илимий-практикалык семинар өткөрүштү.


Семинарда адам капиталынын сапатына теориялык жактан баа берүү, методдорго баа берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүүнү божомолдоо каралды.         Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясына россиялык окумуштуулар илимий-практикалык семинарлары менен келишкен.










Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылоодо.






Комментариев нет:

Отправить комментарий