вторник, 28 апреля 2015 г.

КРПМБАда КР ЖКнын вице-спикери А.Сасыкбаева «Кыргызстандагы парламентаризмдин абалы, көйгөйлөрү, жетишкендиктери» деген темада конок лекциясын окуду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Асия Сасыкбаева «Кыргызстандагы парламентаризмдин абалы, көйгөйлөрү, жетишкендиктери» деген темада конок лекциясы менен келди.     


         КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров өз сөзүндө бул лекция КРПМБАнын студенттери үчүн, учурдагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн маанилүү экенин жана алар мамлекеттик кызматта болуп жаткан көйгөйлөрдү терең түшүнүү керектигин белгиледи.   
 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылар биздин студенттер менен өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүп, мамлекеттик кызматта болуп жаткан азыркы көйгөйлөр тууралуу айтып бергендери биз үчүн абдан маанилүү. Студенттер кайсы маселени чечүү керектигин, ал көйгөйлөрдү чечүүдө оптималдуу жолдорду кантип табуу керектигин билүүлөрү тийиш», - деп билдирди А.Насыров.

Лекциянын жүрүшүндө КР ЖКнын вице-спикери А.Сасыкбаева Кыргыз Республикасынын парламентаризминин түзүлүшүн, парламенттин эсеп-четун, парламенттик фракциялардын атаандаштыгын жана парламенттеги оппозициянын ролу тууралуу айтып берди. 






Комментариев нет:

Отправить комментарий