среда, 8 апреля 2015 г.

КРПМБАнын студенттери студенттик өз алдынча башкаруунун моделдерин көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенттери КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров менен болгон жолугушууда студенттик өз алдынча баркаруунун беш моделин көрсөтүштү.

«Силер өлкөнүн жаңы лидери болушуңар керек. Ошон үчүн силер студенттик окуу маалында жакшы окуганга тийишсиңер. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн азыртадан өз алдынча уюмдарды үйрөнүп, ар кыл тармактагы уюмдардын принциптерин түшүнүшүңөр керек», - деди А.Насыров.
«Силердин милдет Академиянын департаменттери канчалык эффективдүү иштеп жаткандыгына мониторинг жүргүзүү. Бул нерсе Академиядагы окууңар үчүн кызыктуу жана пайдалуу. Сапаттуу билим алышыңарга өзүңөрдүн кызыкчылыгыңар көп болушу керек», - деп билдирди КРПМБАнын ректору.  

Ректор студенттердин активдүүлүгүнө ыраазычылык билдирип, студенттик өз алдынча башкаруунун структураларын түзүү алдында активдүү аракет кылууларын билдирди. 


Комментариев нет:

Отправить комментарий