понедельник, 27 апреля 2015 г.

КРПМБАда «ЕАЭБ бирдей билим берүү мейкиндигин түзүү: Бир программада эки диплом (КР жана РФ) долбоорундагы Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү» деген темада ачык лекция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Россия академиясынын табият илимдеринин академиги, тарых илимдеринин доценти, экономика илимдеринин кандидаты Москва өкмөтүнүн алдындагы Москва шаардык башкаруу университетинин профессору Алексеев Владимир Николаевичтин «ЕАЭБ бирдей билим берүү мейкиндигин түзүү: Бир программада эки диплом (КР жана РФ) долбоорундагы Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү» деген темада ачык лекциясы болуп өттү. 


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров өзүнүн куттуктоо сөзүндө РФ болгон иш-сапарында эки эл аралык форумга катышкандыгын айтып, андагы натыйжалар менен бөлүштү, ошондой эле ЕАЭБ кирген өлкөлөрдүн окуу жайлары менен кызматташтыкты тереңдетүү ниетин билдирди.
 «Мамлекеттик башкаруу Академиясынын жалпы жамаатынын атынан Евразиялык интеграция форматында кызматташтыгыбызды тереңдетүү ниетибизди көрсөткүбүз келет. Биринчи кезекте, бул биздин окутуучулардын, студенттердин андан сырткары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ошондой эле    чечим кабыл алган жактардын дараметин жогорулатат», - деп билдирди А.Насыров.
«Биз Россиянын билим берүү мекемелери, мамлекеттик органдары, мамлекеттик кызматкерлери менен бирге аракеттешүүсү жана алар үчүн практикалык иштерди жасоо тажрыйбалары менен тааныштык. Москва өкмөтүнүн алдындагы шаардык башкаруу университети ийгиликтүү далил катары эсептелет», деп кошумчалады А.Насыров.
Лекциянын алдында профессор Алексеев РФ жана КР коомдук-илимий мамилелериндеги оң динамикалары тууралуу айтты. Ал КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровдун мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын белгиледи.
 «Силердин ректоруңарга ыраазычылык билдирем, анын иши аркылуу биздин мамилебиз калыптанды, биз эми мамиле кура алабыз, муну менен баарыңыздарды куттуктайм. Жаңыдан куралып жаткан мамилелер мени абдан кызыктырды деп айткым келет. Москвада КРПМБАнын ректорунун демилгеси менен биз атайын протоколдук жолугушууларды өткөрдүк, талкуу жүргүздүк, макулдашууга кол койдук, бүгүн ал мамилелердин калыптанышын толуктап жатабыз. Бул иштөө системасынын негизги түптөлүшү, мен сиздердин Академияга ыраазычылыгымды билдирем», - деди В.Алексеев.
Ошондой эле Алексеев РФ менен КРнын магистрдик программаларда кээ бир сабактарда окшоштуктар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жакынкы аралыкта КРПБАнын студентери РФ менен КРнын дипломдорун алганга мүмкүнчүлүк алышат.
«Бул биздин максат эмес. Бул максаты ишке ашырганга алгачкы кадам. А биздин максатыбыз - улуттук экономикада тажрыйбалуу кадрларды ЕАЭБде жана дүйнөлүк коомчулукка адистерди даярдоо жана болгон билимди өркүндөтүү ошону менен бирге РФ менен КРнын эмгек мейкиндигинде атаандаштык кадрларды даярдоо», - деди Алексеев.
Анын айтымында магистирдик программалардын бүтүрүүчүлөрүнө КРнын эмгек мейкиндиги аздык кылат, алар өздөрүн ЕАЭБ мейкиндигинде Россия, Казакстан, Армения мамлекеттеринде билимин ишке ашыра алышат.











Комментариев нет:

Отправить комментарий