вторник, 28 апреля 2015 г.

КРПМБАда «Адам капиталынын менеджменти жана интеграциялык процесстердин шартында жандуу система позициясы менен уюмдаштыруу» деген темада ачык лекция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында Россия академиясынын табият илимдеринин академиги, психология илиминин доценти, Москва Өкмөтүнүн алдындагы Москва шаардык башкаруу университетинин профессору Талалаев Анатолий Анатольевич  «Адам капиталынын менеджменти жана интеграциялык процесстердин шартында жандуу система позициясы менен уюмдаштыруу» деген темада ачык лекция окуду.

Өз сөзүндө КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров Академиянын студенттик өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү: медиа-борбор ачуу жана практикалык машыгууларды өткөрүү тууралуу пландары менен бөлүштү.

 «Биздин Академия үчүн студенттик өз алдынча башкаруу тажрыйбалары менен алмашуу абдан маанилүү. Тажрыйба алмашуу жана иш сапарымдын жыйынтыгы боюнча мен Академияга медиа-борбор ачууну чечтим. Ал жакта студенттер студенттик жашоолору жөнүндө материал даярдашат, бир гана Академиядагы иш-аракеттер эмес, мамлекеттик жана муниципалдык системадагы өлкөдөгү баардык иш-аракеттер чагылдырылат. Башкача айтканда, биз өлкөдө кандай процесстер жүрүп жатканын билишибиз керек жана бул тууралуу ар бир студент билүүгө тийиш», - деди А.Насыров.

«Ошондой эле бизде ЕАЭБне өтүү жөнүндөгү практикалык машыгуулардын саны пландалган. Академиянын базасында Help Desk долбоорун түзүүнү ЕАЭБке өтүү маселелери боюнча ишкерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеңеши боюнча ишке ашырабыз. Бизде пландар жана иштер абдан көп», - деп билдирди А.Насыров.

Лекциянын жүрүшүндө профессор Анатолий Талалаев, компаниялардын пайдага үндөшү жана жандуу системалардын көмөгү менен коммерциялык компанияларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүү тууралуу айтып өттү.




 





Комментариев нет:

Отправить комментарий