вторник, 12 мая 2015 г.

КРПМБАнын студенттери гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн карылар үйүнө чогулушту



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери КРнын Ысык-Ата районундагы Серафимовка айылындагы карылар үйүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү. 

 Окутуучу Мадина Ботбаеванын жетекчилиги астында 2-курстун 12 студенти карылар үйүнө барып, гуманитардык жардам катары кийим-кечек, тамак-аш, азык-түлүктөрдү (колбаса, май, нан, кумшекер, таттууларды, жер-жемиштерди) жана белек-бечкектерди тапшырышты. Ар бирине кружка, сүлгүлөр белекке берилди. 
Ошондой эле карылар үчүн атайын концерттик программа уюштурулуп, аягында «Курманжан датка» көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Эске салсак, Серафимовка айылындагы бул карылар үйү өлкөдөгү бирден-бир ири социалдык мекеме болуп саналат. Ал жакта 440 кары-картаң жашайт. 





















Комментариев нет:

Отправить комментарий