понедельник, 11 мая 2015 г.

КРПМБАда «Евразиялык интеграция: реалдуулук жана чакыруулар» деген темада эл аралык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында «Евразиялык интеграция: реалдуулук жана чакыруулар» (Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата) деген темада эл аралык конференция болуп өттү.

         КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров иш-чараны ачууда катышуучулардын үзүрлүү эмгектерине ийгиликтерди каалады.
«Сиздердин илимий эмгектериңиздер жана изилдөөңүздөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошкон салым болушу керек. Ошондуктан баарыңыздарга талыкпаган аракеттин аркасынан келген ийгиликтерди каалайм», - деди А.Насыров.
         Конференциянын жүрүшүндө КРПМБАнын профессор-окутуучуларынын курамы жана Кыргыз Республикасындагы башка жогорку окуу жайлардан келген баяндамачылар илимий-тажрыйбалык докладдарын окушту. 

Жалпысынан аталган конференцияда жыйырмага жакын баяндамачылардын илимий-тажрыйбалык докладдары окулду. Алардын илимий эмгектери кызуу талкууга алынды.

Комментариев нет:

Отправить комментарий