вторник, 5 мая 2015 г.

Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата ректордун кубогу үчүн кичи-футбол

 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата ректордун кубогу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өттү.   


КРПМБАнын ректорунун кубогу үчүн өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча турнир окуу жайдын жыл сайын улантуучу салты. Турнирге окуу жайдын футболдук командалары гана чогулбастан, көптөгөн сүрөөнчүлөр дагы катышты. Жыл сайын өткөрүлчү бул турнирдин максаты – студент жаштардын арасында дене-тарбия жана спортту даңазалоо, дени сак жашоо образын калыптандыруу аркылуу физикалык жана руханий жакты өнүктүрүү.
Турнирге жалпысынан Академиянын 9 командасы катышты. Футбол ынтымак-достукту чыңдаган атмосферада өттү.
Жеңүүчүлөр «КРПМБАнын ректорунун Кубогу» жана грамоталар менен сыйланды.
Жеңүүчү командалар:
 1-орун - «Неудержимые» ГМУ 4-13 командасына «КРПМБАнын ректорунун Кубогу» жана грамоталар тапшырылды.     
2-орун -  ИТ в ГМУ 1-12 командасы.
3-орун - ГМУ 3-13 командасы.
Кошумчалай кетсек, бул иш-чара КРПМБАнын Карьера борборунун директору Эльмира Турсунованын жетекчилиги алдында уюштурулду.
   









Комментариев нет:

Отправить комментарий