вторник, 26 мая 2015 г.

Константин Юдахиндин 125 жылдык юбилейине арналат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Тил изилдөө борбору 2015-жылдын 25-майында Советтик лингвист-түрколог, профессор, филология илимдеринин доктору Константин Юдахиндин 125 жылдыгына карата «К.К.Юдахиндин 125 жылдык юбилейине арналат» деген темада адабий кече өткөрүштү.



         Кечеге КРПМБАнын студенттери катышты. Алар К.Юдахиндин басып өткөн жолун, эмгектерин жана кыргыз тилине кошкон зор салымы тууралуу баяндап беришти. Эмгектеринин арасынан кыргыз-орус, орус-кыргыз сөздүгү азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, кыргыз элинин көп колдонгон китебине айланганын баса белгилешти.
         Аны менен катар кеченин аягында студенттерге интеллектуалдык суроолор берилди.  
         Кошумчалай кетсек, Константин Кузьмич Юдахин 1890-жылы 31-майда төрөлгөн. 1975-жылы 85 жашында көз жумган.         

Бул иш-чараны Тил изилдөө борборунун окутуучулары:                               Г.Билбаева жана Ф.Аманалиева уюштурду.









Комментариев нет:

Отправить комментарий