воскресенье, 3 мая 2015 г.

КРПМБАнын ректору Универсиада – 2015тин катышуучулары жана жеңүүчүлөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Универсиада – 2015тин катышуучулары жана жеңүүчүлөрү менен жолукту.


Жолугушууда КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров студенттердин спорттук иш-чараларга жигердүү катышкандарына ыраазычылык билдирип, ушундай иш-чараларды колдоорун убада кылды.
«Мен силерге жетишкендиктерди каалайм. Биз жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерди колдошубуз керек жана алардын эл аралык иш-чараларга катышууларына багыт беришибиз керек», - деди А.Насыров.
Ошондой эле ректор КРПМБАнын базасында англис тилинде сүйлөшүү клубун уюштуруу жана медиа-борбор түзүү боюнча пландарын белгилеп кетти. Аны менен катар студенттердин суроолоруна жооп берди.







Комментариев нет:

Отправить комментарий