четверг, 28 мая 2015 г.

Сооронбай Жусуев - 90 жашта

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Тилдерди үйрөнүү борбору Кыргыз эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуевдин 90 жылдык юбилейине карата «Сооронбай Жусуев - 90 жашта» деген темада адабий-музыкалык кече өткөрүштү.


         Кечеге катышкан студенттер акын С.Жусуевдин өмүр жолун, чыгармачылыгын слайд аркылуу чагылдырышып, поэзияларынан көркөм окуп, обондуу кайрыктарынан ырдап беришти. Баяндамаларда белгилүү акындын сыйлыктарына, эмгектерине басым жасалды.
Иш-чаранын алкагында студенттер Сооронбай атабыздын алгачкы ыр жыйнагы «Эмгек күүсү» деген аталышта 1958-жылы басылып чыкканы, андан бери акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде чыкканы белгилүү болду. Андан сырткары, ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине которулган. 70тен ашык ырларына обон жазылса, «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыкканы тууралуу маалымат берилди.
Адабий-музыкалык кеченин аягында окутуучулар жана студенттер пикир алмашып, эл баатыры тууралуу толук маалымат алгандары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул иш-чараны ТҮБдүн окутуучулары: Н.М.Осмонова, Г.Б.Урусова жана Д.К.Мырзагулова уюштурду.  













Комментариев нет:

Отправить комментарий