воскресенье, 3 мая 2015 г.

КРПМБАда болочок адистердин көз карашында Кыргыз Республикасынын келечеги жана жагдайлары тууралуу тегерек стол болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында “КРПМБАнын болочок адистеринин көз карашы менен Кыргыз Республикасынын келечеги жана жагдайлары” деген темада тегерек стол өттү.


Студентер эл аралык мамиле, улуттук коопсуздук, социалдык сектор, билим берүү жана дин маселелери тармактары боюнча тажрыйбаларын көрсөтүштү. Өз кезегинде студентер миграция, жумушсуздук, куралдуу күчтөрдүн даярдыгы, коррупция көйгөйлөрүн талкуулашып, көз караштарын билдиришти. Эң кызыгы тегерек стол жана талкуулоо англис тилинде жүргүзүлдү.
КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров белгилегендей, студентердин англис тилинде сүйлөө даражасы жана тажрыйба өткөзүүлөрү бийик деңгээлде болду.

«Биз билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга студентердин сунуштарын колдойбуз. Андан тышкары, окууда өзгөчө көрсөткүчкө ээ болгон студентер сыйлыктар менен сыйланат жана эл аралык иш-чараларга катышканга мүмкүнчүлүк алышат», – деди Алмаз Насыров.  











Комментариев нет:

Отправить комментарий