пятница, 29 мая 2015 г.

КРПМБАда студенттик өз алдынча башкаруунун президентинин инаугурациясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында студенттик өз алдынча башкаруунун президентинин салтанаттуу инаугурация иш-чарасы болуп өттү.


КРПМБАнын проректору Марина Өмүрбековна студенттерди жана шайланган президентти куттуктап, алардын активдүү иштерине ийгиликтерди каалады.
«Шайлоо кызуу атаандаштыкта жүргүзүлдү. Алардын иши шайлоо системасынын баардык эрежелери боюнча таза өткөрүлдү. Жеңүүчү КРПМБАнын окуу кеңешинин мүчөсү болот жана студенттердин кызыкчылыгын көздөйт», - деди М.Өмүрбековна.
Студенттик өз алдынча башкаруунун президенти Айдар Алымбеков ант берди жана катышуучулардын ишеним көрсөткөндөрүнө ыраазычылыгын билдирди, ошол эле учурда студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.
«Мен КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровго бизге ушундай ачык шайлоо өткөрүп, мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазычылыгымды билдирем. Мындай форматтагы шайлоо биринчи жолу болуп жатат. Биз келечектеги мамлекеттик кызматкерлербиз, биздин максатыбыз КРПМБАда өз мамлекетибиздин прототибин түзүү, тажрыйба топтоо, эффективдүү башкарууну жөнгө салуу. Жакын арада Ысык-Көлдө эки эл аралык студенттик иш-чара өткөрүүнү пландап жатабыз. Биздин максатыбыз, Ысык-Көлдө студенттик өз алдынча башкаруу сьезддин салтка айлантуу», - деп билдирди А.Алымбеков.
         Шайлоо 2015-жылдын 19-майында №1 жана №5 корпустардын шайлоочу участокторунда 9:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлгөн.
Ушул шайлоо комитетине 795 шайлоочу катышкан. Студенттердин жана студенттик ММКнын өкүлдөрү добуштарды эсептөөдө байкоочулук кылышты.
 Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
Алымбеков Айдар – 399 добуш = 51,2%

Жаныбеков Уран – 75 добуш = 9,6%

Нурлан уулу Нурсеит – 71 добуш = 9,1%

Эшалиева Айгерим – 58 добуш = 7,4%

Кадырова Шакина – 48 добуш = 6,2%

Арстанбеков Адилет – 44 добуш = 5,6%

Тилеков Омурбек – 30 добуш = 3,8%











Комментариев нет:

Отправить комментарий